Россиянын атайын күчтөрү Идлибге кирүүгө аракет кылышты

Бул тууралуу Сириянын Улуттук армиясынан (СУА) маалымат берилди.

1561474
Россиянын атайын күчтөрү Идлибге кирүүгө аракет кылышты

Россиянын атайын күчтөрү Сириянын Идлиб провинциясынын түштүгүндөгү Сириянын Улуттук армиясынын (СУА) фронт тилкесине кирүүгө аракет кылышты.

СУА булактарынан алынган маалыматка караганда, Орусиянын атайын күчтөрү Идлибдин түштүгүндөгү Хаманын Габ түздүгүнүн айыл аймагындагы Энкави линиясына кечээ кечинде кирүү операциясын жүргүзүшкөн.

Түркия менен Россиянын ортосунда болгон ок атышпоо келишимин бузган операцияда кагылышуулар болуп СУАнын жоокерлеринен каза болгондор бар.

Сөз болгон кирүү аракетине жооп иретинде СУА бөлүктөрү Идлибдин түштүгүндөгү Маарат Мухас айылындагы режимдин турумдарына артиллериялык жана ракеталык чабуулдарды жасашты.



Тектеш кабарлар