ДСУ делегациясы бул жумада Кытайга барат

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюмунан адистер  коронавирустун булагына байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн 14 -  январда Кытайга барат.

1561211
ДСУ делегациясы бул жумада Кытайга барат

Дүйнөлүк Саламаттык Сактоо Уюму ДСУдан адистер  коронавирустун булагына байланыштуу иликтөө жүргүзүү үчүн 14 -  январда Кытайга барат.

Кытай Улуттук Саламаттык Сактоо Комиссиясы ДСУ делегациясынын өлкөгө жасай туган сапары тууралуу кыскача маалымат жарыялады. Ушуга караганда ДСУнун адис делегациясы сапарында кытайлык кесиптештери менен жолугушат.

Кытайдын тышкы иштер министрлигинин катчысы Хуа Чунгйинг 6 -  январда өткөргөн пресс  - жыйынында Ковид  - 19дун булагын изилдөө үчүн уюм менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзгөндүгүн билдирген.

ДСУнун башкы директору доктор Тедрос Адхамон Гебрейесус 5 -  январда берген маалыматында Ковид  - 19дун тегин изилдөө үчүн Кытайга барышы күтүлүп жаткан эл аралык окумуштуулардын абалы тууралуу : «Кытайлык жетекчилердин Кытайга бара турган делегация үчүн керектүү уруксаты азырынча толуктала электиги тууралуу маалымат алдык. Топтун эки мүчөсүнүн жолго чыгышы жана башкараларынын акыркы мүнөттө жолго чыга албай тургандыгынын бидирилиши мени абдан капалантты»,- деп билдирген.

ДСУнун чукул абалдар программасы боюнча директору  Майк Риян болсо виза маселесинин ДСУ илимий делегациясынын Кытайга киришине тоскоолдук болгондугун айткан.



Тектеш кабарлар