Буркина - Фасодо жаңы өкмөт куралды

22 - ноябрда Буркина - Фасодо өткөн президенттик жана жалпы шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралды.

1561411
Буркина - Фасодо жаңы өкмөт куралды

22 - ноябрда Буркина - Фасодо өткөн президенттик жана жалпы шайлоодон кийин жаңы өкмөт куралды.

Премьер - министр Кристоф Мари Жозеф Дабире министрдин 7 орун басары жана президентке караштуу бир  министр да орун алган 33 мүчөдөн турган жаңы өкмөттүн түзүлгөндүгүн жарыялады.

Министрлер кабинетинде мурдагы оппозициянын лидери, ошондой эле президенттикке талапкер болгон Зефирин Диабре орун алды.

Шайлоо өнөктүгүндө улуттук ынтымакташуу процессине көңүл бурган президент Роч Марк Кристиан Каборе, твиттерден берген маалыматында   премьер - министр Дабиренин жаңы кабинетти ушул убаданы эске алуу менен  жаңы министрлер кабинетин түзгөнүн белгиледи.

Дабире мурунку өкмөттө да премьер-министрдик кызматты аткарган.

Көптөгөн министрлер жаңы министрлер кабинетиндеги орундарын сактап калышты.

Буркина  - Фасодо  22 -  ноябрда Президенттик жана жалпы шайлоо бирдикте өткөрүлгөн.

Учурдагы президент Каборе добуштардын 57,74 пайызын алып, экинчи мөөнөткө шайланган.



Тектеш кабарлар