Эртең Путин, Алиев жана Пашиняндын жолугушуусу болот
Кремль жасаган билдирүүдө Путиндин демилгеси менен 2021-жылдын 11-январында Москвада Алиев менен Пашиняндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болору жарыяланган.
Эртең Москвада Орусиянын президенти Владимир Путин, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ортосунда үч тараптуу жолугушуу болот.
(Россиянын Президенттик Сарайы) Кремль жасаган билдирүүдө Путиндин демилгеси менен 2021-жылдын 11-январында Москвада Алиев менен Пашиняндын катышуусунда үч тараптуу жолугушуу болору жарыяланган.
Билдирүүгө ылайык, 2020-жылдын 9-ноябрында Тоолуу Карабах боюнча кол коюлган биргелешкен декларацияны ишке ашыруу процессинин жүрүшү жана аймактагы көйгөйлөрдү чечүү үчүн жасала турган кадамдарды талкуулоо пландаштырылууда.
Путин Алиев жана Пашинян менен өз өзүнчө жолугушууларды өткөрүүнү пландап жатат.
Сүйлөшүүлөрдүн негизинен жаңжалдан жапа чеккен аймактарда жашагандарга гуманитардык жардам көрсөтүү, ошондой эле соода, экономика жана транспорттук тармактардагы тоскоолдуктарды жоюу жана иштеп чыгуу маселелери каралат.
Тектеш кабарлар
Зеленский түрдүү куралдарга муктаж экендерин айтты
Зеленский коргоо министрлеринин деңгээлинде онлайн өткөн Украина - НАТО кеңешинин жыйынында сүйлөдү.