Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 936 миң 670тен ашты.

1560829
Чыгыш өлкөлөрүндө Ковид-19 боюнча акыркы көрсөткүчтөр

Коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны дүйнө жүзү боюнча 1 миллион 936 миң 670тен ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 90 миллион 179 миңден, ал эми айыккандардын саны 64 миллион 579 миңден ашты.

Индияда эпидемияда каза болгондордун саны 151 миң 63кө, ал эми жуктургандардын саны 10 миллион 452 миң 403кө жетти.

Россияда акыркы 24 саатта вирустун айынан каза болгондордун саны 456га көбөйүп, 61 миң 837ге жетти. Ушул эле мезгилде өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 22 миң 851ге көбөйүп, 3 миллион 401 миңге жетти.

Кытайдын материк аймагында акыркы 24 сааттын ичинде 69 жаңы Ковид-19 учуру аныкталды, анын 21и чет өлкөдөн келген. Кытайда ушул күнгө чейин 4 миң 634 адам каза болуп, 87 миң 433 учур аныкталды. Бийлик Хебей провинциясындагы Шицзяуанг жана Шингтай шаарларынын тургундарына «7 күн бою үйлөрүнөн чыкпагыла» деп эскертти. Улуттук саламаттык сактоо комиссиясынан Жынг Жонгвей, Ковид-19 вакциналары өлкөдө бекер болорун жарыялады. Мындан тышкары, расмийлер баш калаа Пекин менен Хэбэйдин ортосунда саякаттоого чектөө киргизилгенин жарыялады.

Түштүк Кореяда акыркы сутка ичинде 25 адам каза болуп, вирустун айынан каза болгондордун саны 125 миңге жетти. Өлкөдө жуктурган учурлардын саны бир күндө 665ке көбөйүп, 68 миң 664кө жетти.

Ковид-19дан улам адам өлүмү 4 миң 35 деп катталган Жапонияда, вирусту жуктуруп алгандардын саны 283 миң 385 болду. Премьер-министр Суга Йошихидэ учурлар көбөйгөн Осака жана Киото провинцияларында өзгөчө кырдаал (OHAL) киргизилиши мүмкүн деди.

3 миң 651 адам вирустан каза болуп, оорулардын саны 487 миңден ашкан Израилде премьер-министр Беньямин Нетаньяху жана Саламаттыкты сактоо министри Юли Эдельштейнге Pfizer жана BioNTech тарабынан иштелип чыккан Ковид-19 вакцинасынын экинчи дозасы берилди. Ковид-19 вакцинасы марттын аягына чейин 16 жаштан жогорку бардык израилдиктерге бериле тургандыгын эске салган Нетаньяху, экинчи дозасы бар израилдиктерге эмдөөдөн 2 жумадан кийин «жашыл паспорт» берилээрин айтты. Бул паспортту алгандарга маданий иш-чараларга катышууга, ресторандарда тамактанууга жана вирус алып жүргөн адам менен байланышта болсо дагы карантинден бошотулат.

Газада Ковид-19 иш-чараларынын алкагында бир айдан ашык убакытка жабык болгон мечиттер, жума жана ишемби күндөрүнөн тышкары, сыйынуу үчүн ачылды. Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматы боюнча эпидемиянын кесепетинен Газада адамдардын өлүмү 441ге чейин жогорулады, ал эми оорулардын саны 45 миңден ашты.

Африка континентинде вирустун айынан 72 миң 216 адам каза болду. Континенттеги оорулардын саны 3 миллион 37 миң 7 болду. Өлгөндөрдүн жана оорулардын эң көп саны Түштүк Африка, Марокко, Тунис жана Египетте катталган.

Ковид-19дан улам, кээ бир башка өлкөлөрдөгү жоготуулар төмөнкүчө:

Иран (56 миң 171), Түштүк Африка (32 миң 824), Индонезия (24 миң 129), Ирак (12 миң 881), Пакистан (10 миң 644), Филиппиндер (9 миң 405), Бангладеш (7 миң 781), Сауд Аравиясы (6 миң 286).



Тектеш кабарлар