Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 936 миң 620дан ашты.

1560772
Батыш өлкөлөрүндө соңку Ковид-19 көрсөткүчтөрү

Дүйнө жүзүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 936 миң 620дан ашты. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 90 миллион 176 миңден ашса, айыккандардын саны 64 миллион 574 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) эпидемиядан улам каза болгондордун саны 381 миң 480ге, ал эми жуктуруп алгандардын саны 22 миллион 699 миң 938ге чейин көбөйгөн.

Ковид-19дан каза болгондордун саны 80 миң 868 деп катталган Англия Италиядан ашып, Европада эң көп жоготууларга учураган өлкө болуп калды. Вирус жуктургандардын саны 3 миллион 17 миң 409га чейин көбөйгөн. Ковид-19 вакцинасы ханыша Елизавета IIге жана анын жолдошу Эдинбург герцогу Филиппке берилгени маалымдалды.

Францияда адамдардын өлүмү 67 миң 599га, ал эми вирус аныкталган адамдардын саны 2 миллион 767 миң 312ге чейин жогорулады.

Мексикада коронавирустун айынан көз жумган адамдардын саны 133 миң 204, ал эми жуктургандардын саны 1 миллион 524 миң 36 болду.

Католиктердин руханий лидери жана Ватикандын президенти Папа Франциск Ковид-19 вакцинасын алаарын айтты. Папа эмдөө эмки жумада Ватиканда башталаарын белгилеп, «Мен да өзүмдү жаздым. Эмдөө жасалышы керек»,-деди.

Бельгияда коронавирустун айынан көз жумган адамдардын саны 20 миң 38ге жетти. Өлкөдө эпидемия башталгандан бери вирус жуктуруп алгандардын саны 662 миң 694 болду.



Тектеш кабарлар