Сибирде лыжа базасындагы үйлөрдү кар көчкү басып калды

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 4-5 адамдын кар көчкү астында калышы мүмкүн экендигин билдирди.

1560273
Сибирде лыжа базасындагы үйлөрдү кар көчкү басып калды

Сибирдин Норильск шаарындагы лыжа базасында болгон кар көчкүдөн бир ымыркай каза болду.

Чалеттер жайгашкан лыжа борборундагы окуяда төрт үй кар астында калды.

Издөө-куткаруу иштеринин натыйжасында 300 чарчы метр аянтта кар көчкүнүн алдынан ымыркайдын жансыз денеси чыгарылды.

Эки бала жана төрт адам кардын астынан тирүү куткарылды. Куткарылган 2 адамдын оор жаракат алганы белгиленди.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, 4-5 адамдын кар көчкү астында калышы мүмкүн экендигин билдирди.

Болжол менен 200 адамдан турган топ 30 градустук суукта издөө иштерин улантууда.

Россиянын федералдык органдары, бул жагымсыз окуяда шалаакылык болуп же болбогону боюнча тергөө ишин баштады.



Тектеш кабарлар