Кар жаашы Испанияны таасири астына алды

Испанияда кардан улам 400гө жакын жол унааларга жабылды.

1560289
Кар жаашы Испанияны таасири астына алды

Испанияда калың кар жаап, жалпы өлкөдө 400гө жакын жол унааларга жабылды.

«Филомена» деп аталган кар бороонуна багынган Испанияда кар жаашы жана суук абадан Мадрид, Кастилла Ла Манча жана Валенсия менен бир топ аймакта Жарандык жардам мекемелери кызыл эскертүүлөрдү беришүүдө.

1971 -  жылдан бери биринчи жолу калың кар жааган борбор шаар Мадридде парктар менен коомчулукка ачык спорт аянттары жана эки жол унааларга жабылды.

Мадрид жана Кастилла Ла Манчада жергиликтүү башкаруучулар элди мажбур болмоюнча көчөгө чыкпашы керектиги боюнча эскертишти.

Кастилла Ла Манча жана Валенсияда 11 -  январда мектептердин ачылышы күтүлүп жаткан. Бирок мектептердин ачылышы кечеңдетилди.

Өлкөнүн чыгышындагы Каталония автоном башкаруусу да аймактагы бардык автожолдордо жүк ташуучу машиналардын чыгышына тыюу салды. Өзгөчө Мадрид, Валенсия, Жаен, Зарагоза шаарлары менен байланышы болгон ылдам поезд каттамдары менен жалпы өлкөдө 39 учак каттамы токтотулду.

Начар аба шарттарынын жуманын башына чейин улантылары күтүлүүдө.



Тектеш кабарлар