Дүйнөнү тооруп алган коронавирус

Батыш өлкөлөрүндө коронавирус көрсөткүчтөрү.

1560262
Дүйнөнү тооруп алган коронавирус
bogota hastane covid19.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 922 миң 320га жетти. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 89 миллион 368 миңден, ал эми айыккандардын саны 64 миллион 39 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан улам каза болгон адамдардын саны 378 миң 149дан, жуктуруп алгандардын саны болсо 22 миллион 456 миңден ашты.

79 миң 833 адам кайтыш болуп, 2 миллион 957 миң 472 учур катталган Британияда, борбор калаа Лондондо ооруканалардын толуп кетишин алдын алуу үчүн "чукул кырдаал" жарыяланды. Лондон шаарынын мэри Садык Хан билдиргендей, вирустун жайылышын токтотуу боюнча чукул чара көрүлбөсө, жакынкы бир нече жумада ооруканалардагы керебеттер толугу менен толуп калат.

Францияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 67 миң 431ге, ал эми вирус жукккан адамдардын саны 2 миллион 747 миң 135ке жетти.

Бельгиянын федералдык өкмөтү, декабрь айынын аягында башталган Ковид-19га каршы эмдөө акциясын тездетип, жетиштүү доза болсо калктын 70 пайызын жайдын аягына чейин эмдөө планын даярдады. Мындан тышкары, пандемияга каршы октябрь айынан бери жүргүзүлүп жаткан чара көрүүлөр кеминде дагы эки жумага узартылат. 660 миң 703 адам ооруну жуктурган өлкөдө 19 миң 992 адам көз жумду.

Италияда вирустун айынан көз жумган адамдардын саны 77 миң 911ге, илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 237 миң 890го жетти. Ковид-19дун кесепетинен айрым берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Бразилия (201 миң 542), Мексика (132 миң 69), Испания (51 миң 874), Колумбия (45 миң 431), Аргентина (44 миң 273), Германия (40 миң 401), Перу (38 миң 145), Польша (30 миң 574), Украина (19 миң 588), Чили (16 миң 974), Канада (16 миң 707), Румыния (16 миң 506), Эквадор (14 миң 165), Чехия (12 миң 800), Нидерландия ( 12 миң 171) жана Венгрия (10 миң 440).



Тектеш кабарлар