2020-жыл дүйнөдөгү эң ысык экинчи жыл болду

Глобалдык жылуулук акыркы жылдарда дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири болууда.

1560404
2020-жыл дүйнөдөгү эң ысык экинчи жыл болду

2020-жыл 1880-жылдан бери дүйнөдөгү эң ысык экинчи жыл деп катталды.

Глобалдык жылуулук акыркы жылдарда дүйнөдөгү эң чоң көйгөйлөрдүн бири болууда.

Глобалдык ысуунун кесепетинен климаттын өзгөрүшүнө байланыштуу дүйнө жүзүндө кургакчылык болуп жатат.

Европанын орто мөөнөттүү аба ырайын болжолдоо борборунун (ECMWF) ERA5 глобалдык баа берүү маалыматтарына караганда, 2016-жыл дүйнөдөгү эң ысык жыл болду.

2020-жыл болсо экинчи ысык жыл болду. 2020-жылдан кийин 2019, 2017, 2018, 2015, 2010, 2014, 2005 жана 2013-жылдар турат.

Адистердин айтымында, 19-кылымдын аягынан бери Жердин бетинин орточо температурасы болжол менен 1,2 градуска жогорулаган.

Өнүккөн өлкөлөр климаттын глобалдык өзгөрүүсүнө көбүрөөк себеп болууда. Климаттын өзгөрүшү өнүкпөгөн өлкөлөрдө медицина, коопсуздук, туруктуулук жана экономика чөйрөсүндө туруксуздукту жаратууда.



Тектеш кабарлар