Жо Байден : "Конгрессти басып алгандар жергиликтүү террористтер"

АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден мурунку күнү Конгрессти басып алгандардын «жергиликтүү террорист» экендигин айтты.

1559834
Жо Байден : "Конгрессти басып алгандар жергиликтүү террористтер"

АКШнын президенти болуп шайланган Жо Байден мурунку күнү Конгрессти басып алгандардын «жергиликтүү террорист» экендигин айтты.

Жо Байден Делавэрде адилеттик министри Меррик Гарландды тааныштырган иш чарада президент Дональд Трамптын тарапташтары тарабынан басып алынышы тууралуу маалымат берди. Байден Конгресстин басылышын Америка тарыхындагы «эң караңгы» күндөрдүн бири экендигин айтып : «Алар митингчилер эмес эле, аларга митингчи дебегиле. Козголоңчу топ. Алар жергиликтүү террорист. Башынан бери демократиялык мекемелерибизге жапа тырмак кол салуу баштады»,- деди.

Бир тараптан Конгерсстин басылышынан улам арыз берүүлөргө кабинеттен да бири кошулду.

Транспорт министри Элейн Чао 11 - январдан тарта кызматтан кетерин билдирип, окуялардан  президент Дональд Трамптын жооптуу экендигин айты.

Конгресстин басып алынышынан кийин Ак үйдүн пресс - катчысынын орун басары Сара Мэтьюз, Ак үйдүн социалдык маселелер боюнча менеджери Рики Никета жана Трамптын жубайы Мелания Трамптын штабынын башчысы Стефани Гришам дагы кызматтан кетишти.

Мурунку күнү Ак үйдүн алдында Трамп да катышкан митингден кийин Конгресс имаратына карай жүргөн миңдеген колдоочусу менен полициянын ортосунда кагылышуу чыкты. Полиция баррикадаларын ашкан айрым митингчилер Конгресс имаратына кирген.

Окуяларда 4 киши каза болуп, көп сандаган киши да жараланган. Конгресстеги окуяларда полициянын ок атышы менен каза болгон аялдын аба күчтөрүнүн мурунку 12 жылдык аскери экендиги билдирилди.



Тектеш кабарлар