СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле жайылып жатат.

1559747
СOVID-19: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
5fbf628722d0a.jpg
covid india.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустан (Ковид-19) көз жумган адамдардын саны 1 миллион 906 миң 853 адамды түздү. Вирусту жуктуруп алгандардын саны 88 миллион 512 миңден, ал эми айыккандардын саны 63 миллион 619 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза тапкандардын саны 374 миң 124кө жетти. Өлкөдө бул илдетти жуктуруп алгандардын саны 22 миллион 132 миң деп катталды. Ооруларды көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору, январь айынын аягына чейин өлкөдө Ковид-19дан каза болгондордун саны 438 миңге жетиши мүмкүн деп эскертти.

Бразилияда Ковид-19дун айынан көз жумгандардын саны 200 миң 498ге, жуктургандардын саны болсо 7 миллион 961 миңге жогорулады.

Мексикада пандемиядан улам каза болгондордун саны 131 миң 31ге, ал эми ооруга чалдыккандардын саны 1 миллион 493 миңге жетти.

Италияда вирустан көз жумгандардын саны 77 миң 291 адам деп катталды. Өлкөдө ооруну жуктуруп алгандардын саны 2 миллион 220 миңге көбөйдү.

Британияда вирустун айынан акыркы сутка ичинде 1162 адам каза болупң 52 миң 618 жаңы учур катталды. Пандемиядан каза болгондордун саны 78 миң 508, ал эми ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 889 миң 419 болду. Өлкөдө 21-апрелден бери эң жогорку күнүмдүк жоготуу кечээ катталды.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 66 миң 841, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 727 миңге жетти. Францияда вируска каршы күрөшүүнүн алкагында жергиликтүү убакыт боюнча саат 20.00-06.00гө чейин киргизилген коменданттык саат 20-январга чейин узартылды.

Германияда пандемиянын кесепетинен кайтыш болгондордун саны 39 миң 258ге, илдетке чалдыккандардын саны болсо 1 миллион 869 миңге жетти.

Перуда вирустун айынан 37 миң 173 адам көз жумуп, Ковид-19 учурларынын саны миллионго жакындады. Перу коронавируска каршы кытайлык Sinopharm компаниясы тарабынан иштелип чыккан вакцинаны сатып алуу боюнча келишим түзүлгөнүн жарыялады.

Ковид-19дан улам кээ бир берки өлкөлөрдө каза болгон адамдардын саны төмөнкүчө:

Колумбия (45 миң 67), Аргентина (44 миң 122), Польша (30 миң 241), Бельгия (19 миң 936), Чили (16 миң 913), Канада (16 миң 3579), Румыния (16 миң 410), Эквадор (14 миң 158), Чехия (12 миң 800), Нидерландия (12 миң 84) жана Венгрия (10 миң 325).



Тектеш кабарлар