Катар : "Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин саммити карым - катнаштарыбызга таасирин тийгизбейт"

Катардык министр Булуң Кызматташтыгы Кеңеши саммити тууралуу борбору Британия болгон Financial Times гезитине маалымат берди.

1559699
Катар  : "Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин саммити карым  - катнаштарыбызга  таасирин тийгизбейт"

Катардын тышкы иштер министри Мухаммед бин Абдуррахман Ал Сани Сауд Арабияда болгон 41 -  Булуң Кызматташтыгы Кеңеши саммитинин өлкөсүнүн башка өлкөлөр менен карым  - катнаштарында таасири болбой тургандыгын айтты.

Катардык министр Булуң Кызматташтыгы Кеңеши саммити тууралуу борбору Британия болгон Financial Times гезитине маалымат берди.

Ал Сани өлкөсүнүн саммитте өздөрүнө аймактык эмбарго киргизген  үч мамлекет менен «террор менен күрөшүү жана эл аралык коопсуздук» тармагында кызматташуу түзүүнү кабыл алгандыгын эске салды.

Эки тараптуу карым  - катнаштардын негизинен өлкөсүнүн эгемендүү чечими жана улуттук кызыкчылыгы менен калыптангандыгын баса белгилеген Ал Сани бул саммитке токтолуп : «Башка бир өлкө менен карым  - катнашыбызга эч бир таасири жок»,-  деди. Перс булуңундагы кризисти аяктаган 41 -  Булуң Кызматташтыгы Кеңешинин саммити 5 - январда Сауд Арабиясынын  Аль - Ула шаарында өттү.

Саммитте Катарга эмбарго киргизген өлкөлөрдүн Доха башкаруусу менен дипломатиялык мамилелерди калыбына келтирип, эмбаргонун жоюлгандыгы жарыяланган.

Сауд Арабия, Бириккен Араб Эмираттары, Бахрейн жана Египет 2017 – жылы  5  - июнда «террордук топторду колдоду» деген айыптоо Катар менен бардык дипломатиялык мамилелерди үзүп, бул өлкөгө экономикалык эмбарго киргизе баштаган.

Катар бул өлкөлөрдүн бардык айыптоолорун четке кагып, бул жагдай Перс булуңундагы аймакта кризиске жол ачкан.



Тектеш кабарлар