Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде жарылуу болду

Жарлууда каза жана жаралангандардын болбогондугу билдирилди.

1559896
Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде жарылуу болду

Йемендин убактылуу борбор шаары Аденде Хизам Эмни күчтөрүнө таандык аскердик лагердин алдында бир таштанды  контейнеринде жарылуу болду.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда, өлкөнүн түштүгүндөгү Аден шаарында Бириккен Араб Эмирликтерине колдоо көрсөткөн Түштүк Өткөөл Кеңешине караштуу Хизам Эмни күчтөрүнүн Аль - Месари аскердик лагеринин алдында жарылуу болду.

Таштанды контейнериндеги жарылуудан улам жакын жердеги мектептин дубалдары зыян тартып, каза болгондор жана жаракат алгандардын болбогондугу  белгиленди.

 

 

 



Тектеш кабарлар