Германияда ашыкча оңчулдар көбөйдү

Германияда коопсуздук бөлүктөрү аныктаган зомбулук жактоочусу ашыкча оңчулдардын саны 2020 -  жылы 13 300гө жогорулагандыгы билдирилди.

1559847
Германияда ашыкча оңчулдар көбөйдү

Германияда коопсуздук бөлүктөрү аныктаган зомбулук жактоочусу ашыкча оңчулдардын саны 2020 -  жылы 13 300гө жогорулагандыгы билдирилди.

Tagesspiegel гезитинин немис коопсуздук булактарына таянып берген кабарына караганда 2020 -  жылы өлкөдөгү ашыкча оңчулдардын саны мурунку бир жылга караганда 1200гө көбөйүп 33 300гө чыкты.

Зомбулук жактоочусу ашыкча оңчулдардын саны да 2019 -  жылга караганда 300гө көбөйүп, 13 300гө жогорулады.

2020 -  жылдын январь  -  ноябрь мезгилинде ашыкча оңчул зомбулук кыймылдарында 9 киши каза болуп, 283 киши жараланды.

Германиянын ички чалгындоо сервиси Конституцияны коргоо уюму тарабынан иликтенген жана араларында ашыкча оңчулдар да болгон "Рейхсбюргер" уюмунун колдоочуларынын саны 1000 көбөйүп, 20 миңге жетти. Кабарда коопсуздук бөлүктөрүнүн так сандарын март айында жарыялай турганы белгиленди.



Тектеш кабарлар