ДСУ Түркияны куттуктады

Министр Фахреттин Кожа ДСУнун Европа боюнча аймактык директору Клюге менен видео конференция өткөрдү.

1559596
ДСУ Түркияны куттуктады

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун (ДСУ) Европадагы аймактык директору Ханс Клуге Түркияны куттуктады.

Саламаттык сактоо министрлигинин жазуу түрүндөгү билдирүүсүнө караганда, министр Фахреттин Кожа ДСУнун Европа боюнча аймактык директору Клюге менен видео конференция өткөрдү.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө Европадагы коронавирустун жаңы учурларынын көбөйүшү, мутация, Түркиядагы азыркы кырдаал жана вакцина боюнча изилдөөлөр талкууланды.

Клуге, пандемияга каршы күрөшүүдө ДСУнун сунуштарын аткарган Түркияга ыраазычылык билдирип: «Президент Режеп Таййип Эрдогандын ишмердүүлүгүн жана жетекчилигин бардык өлкөлөр мактоодо. Мен сизди куттуктагым келет, анткени сизде күчтүү көрсөткүч жана маалымат жеткирүү тутуму бар. Ошол эле учурда Түркияда вакцина изилдөөлөрү, тез диагностикалык комплекттер жана вирустун геномдук туруктуулугуна карата жүргүзгөн иш-аракеттердин багытын арттырганыңыз үчүн да сизди куттуктайм»,-деди.



Тектеш кабарлар