Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал

Вирус дагы деле коркунуч жаратууда.

1559084
Коронавирус: Батыш өлкөлөрүндө соңку абал
covid india.jpg
super covid19 ingiltere hastane.jpg

Дүйнө жүзүндө коронавирустун (Ковид-19) айынан көз жумган адамдардын саны 1 миллион 892 миң 74кө жетти. Илдетке чалдыккандардын саны 87 миллион 672 миңден, ал эми айыккандардын саны 63 миллион 157 миңден ашты.

Америка Кошмо Штаттарында (АКШ) Ковид-19дан каза болгондордун саны 369 миң 990га жетти. Өлкөдө вирусту жуктургандардын саны 20 миллион 619 миң деп катталды.

Бразилияда Ковид-19дан каза болгондордун саны 199 миң 43кө, ооруга чалдыккандардын саны 7 миллион 874 миңге жетти.

Мексикада пандемиядан улам каза болгондордун саны 129 миң 987, ал эми жуктургандардын саны 1 миллион 479 миңди түздү.

Италияда вирустан көз жумган адамдардын саны 76 миң 877ге жетти. Өлкөдө бул илдетке чалдыккандардын саны 2 миллион 201 миңге жогорулады.

Британияда акыркы 24 саатта вирустун айынан 1 миң 41 өлүм жана 62 миң 322 жаңы учур катталды. Эпидемияда каза болгондордун саны 77 миң 346, ал эми ооруну жуктургандардын саны 2 миллион 836 миң 801ди түздү. Саламаттык сактоо министри Мэтт Хэнкок парламентте жасаган билдирүүсүндө ооруканаларда 30 миңден ашуун Ковид-19 бейтаптары бар экендигин жана саламаттык сактоо кызматтары “олуттуу кысымга” кабылганын айтты.

Францияда вирустан каза болгондордун саны 66 миң 565, ал эми жуктургандардын саны 2 миллион 705 миң болду.

Испанияда Ковид-19дун айынан каза болгон адамдардын саны 51 миң 430га жетти. Өлкөдө ооруга чалдыккандардын саны бир миллион 982 миңге жогорулады.

Германияда эпидемиялык жоготуу 38 миң 199го, жуктургандардын саны болсо 1 миллион 841 миңге жетти.

Ковид-19дан улам берки өлкөлөрдө каза болгондордун саны төмөнкүчө:

Колумбия (44 миң 723), Аргентина (43 миң 976), Перу (37 миң 991), Польша (30 миң 55), Бельгия (19 миң 827), Украина (19 миң 357), Чили (16 миң 816), Канада (16 миң 369), Румыния (16 миң 299), Эквадор (14 миң 146), Чехия (12 миң 436), Нидерландия (11 миң 999) жана Венгрия (10 миң 198).



Тектеш кабарлар