Япониядагы калың кар көп сандаган адамдардын өмүрүн алды

Декабрь айынын ортосунан бери тынбай жааган кардын кесепетинен 29 адам каза болду.

1558961
Япониядагы калың кар көп сандаган адамдардын өмүрүн алды

Японияда акыркы 3 жумада калың жааган кардын кесепетинен каза тапкандардын саны 29га жетти.

Коомдук NHK телекөрсөтүүсүнүн жаңылыктарына караганда, декабрь айынын ортосунан бери тынбай жааган кардын кесепетинен 29 адам каза болду.

Өлкө боюнча аба ырайынын катаал шарттарына байланыштуу 400дөн ашык авиакомпаниянын каттамдары токтотулду.

Ямагата аймагында жогорку ылдамдыктагы поезд каттамдары жуманын аягына чейин токтотулду.

Түндүктөгү Акита облусунун Йокоте районуна рекорддук кар жаагандан кийин Өзүн-өзү коргоо күчтөрүнүн (SDF) кызматкерлери издөө- куткаруу иштери үчүн аймакка жөнөтүлдү.

Япониянын Метеорология агенттиги (JMA) жуманын аягында калың кар жаашы күтүлөрүн жарыялады.

Кардын калыңдыгы нормадан 3 эсе жогору болгон Тохоку жана Хокурику аймактарында кар көчкү түшүү коркунучу жөнүндө эскертүүлөр берилди.

Метеорология агенттиги билдиргендей, Япон деңизинин жээгинде катуу жаагандан кийин кардын калыңдыгы бир күндө 120 сантиметрге жетет.



Тектеш кабарлар