Фанатик жөөттөр Акса мечитине кирип барышты

Бул тууралуу Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFA билдирди.

1559476
Фанатик жөөттөр Акса мечитине кирип барышты

Израилдик полициянын коштоосундагы фанатик жөөт топтору Чыгыш Кудстун Эски шаарында жайгашкан Акса Мечитинин короосуна басып киришти.

Палестинанын расмий кабар агенттиги WAFA билдиргендей, Кудстун исламий фонддор башкармалыгынын жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Израиль полициясынын коргоосундагы фанат жөөт топтору Масжидул-Аксанын түштүк-батышында жайгашкан Аль-Макарибе (Марокко) дарбазасынан кирип баргандыгы белгиленди.

Фанатик жөөттөрдүн кирип барган учурунда Харем-и Шарифте да диний жөрөлгөлөрдү өткөргөндүгү белгиленген билдирүүдө, сөз болуп жаткан басып кирүүлөрдүн эртең менен жана түштөн кийин болгону белгиленди.

Израилдин полициясынын коргоосу астындагы фанат жөөттөрдүн Харем-и Шарифке жасаган мындай жосунсуз жоруктары аймакта чыңалууну жаратууда.



Тектеш кабарлар