АКШдагы окуяларга каршылыктар

Столтенберг: «Вашингтондогу көрүнүштөр үрөй учуруучу»

1558902
АКШдагы окуяларга каршылыктар

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, АКШ Конгрессиндеги окуяларды "үрөй учуруучу" деп мүнөздөдү.

Столтенберг, АКШда демонстранттар баррикадалардан өтүп Конгресстин имаратына киргенден кийин болгон окуялар жөнүндө социалдык медиа баракчасынан: «Вашингтондогу көрүнүштөр үрөй учуруучу. Демократиялык шайлоонун жыйынтыгына урмат-сый көрсөтүлүшү керек»,-деди.

Европа Биримдигинин (ЕБ) Жогорку өкүлү Жозеф Боррелл да Вашингтондогу окуяларды "АКШнын демократиясына болуп көрбөгөндөй кол салуу" деп мүнөздөп, шайлоонун жыйынтыгын сыйлоого чакырды.

Британиянын премьер-министри Борис Жонсон болсо, окуяларга байланыштуу "АКШда бийликти тартиптүү жана тынч өткөрүп берүү өтө маанилүү" деп сереп салды.

Германиянын тышкы иштер министри Хейко Маас да: «АКШнын президенти Дональд Трампты жана анын тарапташтарын Америка элинин (шайлоо) чечимин урматтоого" чакырды.



Тектеш кабарлар