АКШ Конгрессинде Жо Байдендин президенттиги расмий түрдө бекитилди

АКШ Конгрессинин имаратынын басып алуусунан кийин кайрадан чогулган жана делегаттардын добуштарын саноо процесси улантылган Конгресс, Байдендин президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын расмий тастыктады.

1559211
АКШ Конгрессинде  Жо Байдендин президенттиги расмий түрдө бекитилди

Жо Байден 20-январдан тартып төрт жыл бою Америка Кошмо Штаттарын (АКШ) башкара турган Президент болду.

АКШ Конгрессинин имаратынын басып алуусунан кийин кайрадан чогулган жана делегаттардын добуштарын саноо процесси улантылган Конгресс, Байдендин президенттик шайлоодо жеңип чыккандыгын расмий тастыктады.

Вермонт штатынын жыйынтыктары катталып, Жо Байден 270 делегаттын босогосун аттап, расмий түрдө Президент болду.

Добуш бергенден кийин АКШнын вице-президенти Майк Пенс: «Джо Байден 20-январда АКШнын президенти кызматына киришет»,-деди.

Дональд Трамп болсо Конгресстеги добуш берүүдөн кийинки билдирүүсүндө: "Мен шайлоонун жыйынтыгына толугу менен каршы болуп жатсам дагы, 20-январда кызматты эч кандай көйгөйсүз тапшырам» деди. деди.

Президент Дональд Трамптын тарапкерлери добуш берүү башталганга чейин баш калаа Вашингтондогу Конгресстин имаратына кирип барганда башталган окуяларда 4 адам каза болуп, кеминде 52 адам камакка алынды.

Өлкөдө 15 күндүк өзгөчө кырдаал жарыяланды.

Борбор калаада демонстрацияга чыккан Трамптын айрым тарапкерлери полиция тосмосун бузуп, Конгресстин имаратына киришти.

Имаратка кирген демонстранттарга полиция көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Имараттагы кагылышуудан жаракат алган аял каза болду.

Вашингтондун полициясы Конгресстин имаратындагы окуялар учурунда жаракат алган аялды ал жаткан ооруканада куткарууга мүмкүн болбогонун билдирди.

Каза болгон аялдын өздүгү тууралуу маалымат бөлүшүлгөн жок.

Вашингтондун полиция башчысы Роберт Конти дагы 3 адам каза болгонун жарыялады.

Каза болгондордун бири эркек, экөө аял экенин жана бул адамдар алар алып барылган чукул кырдаалдар кызматында каза болгон деп айткан полиция башчысы, сөз болуп жаткан адамдардын ким экендигин ачыктаган жок.

Конти ошондой эле окуяларда 14 полиция жеңил жаракат алганын жана кеминде 52 адам кармалганын билдирди.

Коопсуздук күчтөрү ошондой эле Конгресстин имаратынын жанынан жардыргыч заттар табылып, зыянсыздандырылганын жарыялады.

Бул окуялардан кийин Жо Байдендин президент болуп шайлануусу бекитиле турган Конгресстин сессиясы токтотулуп, сессияны жетектеген вице-президент Майк Пенс имараттан чыгарылды.

Бир аз убакыттан кийин жасаган билдирүүсүндө Пенс «Конгресстин имаратындагы окуяларды токтотууга» чакырып, зордук-зомбулукка жол берилбейт деп билдирди.

Андан соң сенаторлор имараттан чыгарылды.

Трамптын орун басары Майк Пенстин жумушчу тобун жетектеген Марк Шорттун Ак үйгө кирүүсүнө тыюу салгандыгы жарыяланды.

Шайланган президент Жо Байден маалымат жыйынын өткөрүп, «АКШ демократиясына жана мыйзамдын үстөмдүгүнө» каршы чабуулдарды токтотууга чакырды.

Байден Трампты «Ал камералардын алдына барышы керек, курчоону токтотушу керек (жыйын имаратында)» деп чакырды.

Пенсильвания штатынын губернатору Том Вульф демонстранттардын борбор шаар Вашингтондогу Конгресстин имаратына киришин «төңкөрүш аракети» деп мүнөздөдү.

Бул окуялардан кийин Трамп Улуттук Гвардияга «Конгресстин имаратындагы окуяларга кийлигишүүнү» тапшырды.

Нью-Йорктун губернатору Эндрю Куомо өзүнүн Твиттер-аккаунтунда, «Мен АКШнын Улуттук гвардиясынын суранычы менен Нью-Йорктон баш калаа Вашингтонго эки жумага 1000 улуттук гвардиячыны жөнөтүп жатам» деди.

Дональд Трамп социалдык тармактарда жасаган билдирүүсү менен демонстранттарды «тынчтыкты сактоого» чакырды.

Тирешүү күчөп кеткенден кийин, Дональд Трамп, «алар шайлоону бизден уурдап алышты, силер эми үйгө кетишиңер керек» деп видео жазуу менен бөлүштү.

Ал арада Твиттер АКШнын президенти Дональд Трамптын эрежелерди бузгандыгы үчүн үч билдирүүсүн өчүрдү. Твиттерде жарыяланган билдирүүдө, эгерде зордук-зомбулук жана эрежелерди бузуу коркунучу улана берсе, анда Трамптын эсеби токтотула турганы белгиленди. Трамптын аккаунттарына Facebook жана Instagram баракчаларынан 24 сааттык блокировка келди.



Тектеш кабарлар