Францияда куш тумоосу

Куш тумоосунун вирусун көзөмөлдөө үчүн болжол менен 600 миң канаттуу жок кылынат.

1558614
Францияда куш тумоосу

Франциянын түштүк-батышындагы өрдөктөрдө жайылып жаткан куш тумоосунун вирусун көзөмөлдөө үчүн болжол менен 600 миң канаттуунун жок кылынары кабарланды.

Өлкөдөгү Айыл чарба министрлиги тараткан билдирүүдө ушул кезге чейин 200 миңден ашуун өрдөктүн кырылгандыгы белгиленди.

Өткөн жылдын аягында Францияда куш тумоосунун өтө жугуштуу түрлөрү катталып, миңдеген канаттуулар жок кылынган болчу.

Айыл чарба министрлиги интернет баракчасынан 1-январдан тарта Франциянын 48и түштүк-батыш Ландес аймагында болуп жалпы 61 жерде H5N8 вирусу табылгандыгын ырастады.

Министрлик берки аймактарда дагы вирустун жайылышы көзөмөлдө экендигин билдирди.

Белгилүү болгондой куш тумоосунун H5N8 штаммы адамдарга жукпайт.



Тектеш кабарлар