EMA Modernaнын вакцинасына урусат берди

Вакцинанын Европада колдонулушу үчүн аны ЕБ Комиссиясы да бекитиши керек.

1558678
EMA Modernaнын вакцинасына урусат берди

Европанын дары-дармектер агенттиги (EMA) америкалык Moderna компаниясы тарабынан иштелип чыккан коронавирус (Kovid-19) вакцинасына урусат берди.

Вакцинанын Европада колдонулушу үчүн аны ЕБ Комиссиясы да бекитиши керек.

ЕБ Комиссиясынын чечимди жакын арада жарыялашы күтүлүүдө.

EMA өзү бекиткен Moderna вакцинасы 28 күндүк аралыкта эки дозада берилиши керек деп билдирди.

Германиянын Саламаттык сактоо министрлиги Модернадан 50 миллион доза коронавирус вакцинасы алынаарын жарыялады.

Министрлик сатып алуунун Европа Биримдиги (ЕБ) аркылуу жүргүзүлөрүн маалымдады.



Тектеш кабарлар