Буларды билесиздерби?

Стамбулдун Эйүп районундагы бир дөбөгө француз жазуучусу Пьер Лотинин ысымы берилгенин билсесиздерби?

1606493
Буларды билесиздерби?

Стамбулдун Эйүп районундагы бир дөбөгө француз жазуучусу Пьер Лотинин ысымы берилгенин билсесиздерби?

1850 – 1923 - жылдар аралыгында жашаган белгилүү француз жазуучусу Пьер Лоти Стамбулдун жана Осмон маданиятынын таасири астында болуп, бул жерге көп жолу келип, узун убакыт жашаган. Стамбулга экинчи жолу келишинде Осмон империясы мезгилиндеги Түркиядан сөз кылган "Азийаде" аттуу  романына атын берген бир аял менен таанышат.

Пьер Лоти диний жерлери жана табигый кооздуктары менен маанилүү жана эски отурукташуу аймагы болгон Эйүптү жакшы көрчү жана Стамбулда жүргөндө Эйүп районунда жашаган. Ал Эйүптө көбүнчө Халичтин (Алтын мүйүз) баары көрүнүп турган  бийик жердеги чайканага барып, ал жерден жогору жактан бүтүндөй  Халичти карап,  бир нече саат бою отуруп, адамдар менен баарлашкан. Бүгүнкү күндө жергиликтүү жана чет элдик туристтердин көңүлүн бурган бул чайкана  Piyer Loti Coffee деп аталат жана ал жайгашкан дөбө да   Пьер Лоти дөбөсү деп аталып калган.



Тектеш кабарлар