Чадда жаңы президент Мухаммед Идрис Деби Итно болду

Улуттук Шайлоо Комиссиясынын (ANGE) билдирүүсүндө өткөөл мезгилдин президенти Мухаммед Идрис Деби Итно 61,3 пайыз добуш алып, өлкөнүн жаңы президенти болгону белгиленди.

2138027
Чадда жаңы президент  Мухаммед Идрис Деби Итно болду

 Чадда 6-майда өткөн президенттик шайлоонун жеңүүчүсү өткөөл мезгилдин президенти Мухаммед Идрис Деби Итно болду.

Улуттук Шайлоо Комиссиясынын (ANGE) билдирүүсүндө өткөөл мезгилдин президенти Мухаммед Идрис Деби Итно 61,3 пайыз добуш алып, өлкөнүн жаңы президенти болгону белгиленди.

Билдирүүдө шайлоого катышуу көрсөткүчүнүн 65 пайыз болгондугу жана башка талапкерлердин арасында 18,53 пайыз добуш менен Сужжес Масранын экинчи, Пахими Падаке Альберттин 16,91 пайыз добуш менен үчүнчү болгондугу билдирилди.

Масра социалдык медиа эсебинен берген билдирүүсүндө шайлоонун жеңүүчүсү өзү экендигин жарыялаган.

Чаддын мурунку президенти Идрис Деби Итно 2021-жылдын 19 - апрелинде фронтто курман болгондон кийин  уулу Мухаммед Идрис Деби Итно 2021-жылдын 20-апрелинде 15 генералдан турган Аскердик өткөөл кеңештин башчысы болуп дайындалган.

Өткөөл мезгилдин президенти катары кызматын баштаган Итно 1-январда сүргүндөн кайтып келген оппозициячыл саясатчы Суксес Масраны убактылуу өкмөттүн башчысы кылып дайындаган.



Тектеш кабарлар