Түрк басма сөзү 10.05.2024

Бүгүн басмадан чыккан гезиттерден кыскача маалыматтар.

2137692
Түрк басма сөзү 10.05.2024

"Стар" гезити "Эрдогандан Европа Бирмдигине билдирүү" деген кабарында президент Эрдогандын Европа күнүнө карата билдирүүсүн жарыялады. Эрдоган билдирүүсүндө Европа Биримдигинин саясаттарына көңүлдөрдү бурду. Президент : "Өлкөбүзгө карата четке кагуучу саясаттардын алдында Түркия  ээ болгон стратегиялык мүмкүнчүлүк жана жөндөмдүүлүктөрүн колдонуудан жана өнүктүрүүдөн баш тартпайт",- деди. 

"Хабер түрк" гезити "Эрдоган : Бразилиянын Палестинага болгон мамилеси көңүл бурарлык" деп билдирип, президент Эрдогандын Бразилиянын мамлекет башчысы Лула менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгүн белгилеген. Эрдоган Бразилиянын Израилдин Палестина жерлерине карата кол салуусу бюнча мамилесинин көңүл бурарлык экендигин айтты. 

"Йени шафак" гезити "Түркия Израилге карата соодада чектөө киризүү чечиминин артында" деген макаласында Соода министри Өмер Болаттын Израилдин тышкы иштер министри Исраэл Кацтын «Түркия экспорт чектөөсүн алып салды» деген сөздөрүнө жооп бергендигин билдирген. Болат: «Израилдин тышкы иштер министринин билдирүүлөрү толугу менен ойдон чыгарылган жана реалдуулук менен эч кандай байланышы жок. Биз өкмөт катары Израиль менен соода  боюнча кабыл алган чечимибиздин артында турабыз»,- деди.

"Хүррийет" гезити "Түркиянын бойкот чечими Израилдин күн тартибинде" деп жазып, Израиль басма сөзүндө Түркиянын Израиль менен сооданы токтотуу чечиминин күтүүсүз болгондугу жана мунун баарын кымбаттата тургандыгы белгиленди. Санариптик жеткирүү чынжырынын башкы директору Элад Баршан : "Бул биздин  жеткирүү чынжырыбыздын эң алсыз жерине таасирин тийгизди",- деди. 

"Сабах" гезити "Түрк аба жолдорунун жүргүнчү саны 25 миллиондон ашты" деген кабарында 2023-жылдын январь-апрель айларында 23,6 миллион болгон түрк аба жолдорунун  жалпы жүргүнчү саны быйылкы жылдын ушул эле мезгилинде 8 пайызга өсүп 25,5 миллионго жеткендигин баяндаган. 

 

 



Тектеш кабарлар