Түркияда жумушсуздук азайды
Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) 2024-жылдын март айына карата жумушчу күчү көрсөткүчтөрүн жарыялады.
2137883
Түркияда жумушсуздук деңгээли март айында мурунку айга салыштырмалуу 0,1 пунктка азайып 8,6 пайызды түздү.
Түркиянын статистикалык мекемеси (TUIK) 2024-жылдын март айына карата жумушчу күчү көрсөткүчтөрүн жарыялады.
Буга ылайык жумушсуздардын саны март айында өткөн айга салыштырмалуу 19 миң кишиге азайып, 3 миллион 57 миң киши болду.
Жумушсуздуктун деңгээли болсо 0,1 пунктка төмөндөп 8,6 пайызды түздү.