Жерге абдан окшош планета табылды

НАСАнын билдирүүсүнө караганда жаңы планетага Kepler-1649c деген ат берилди.

1412083
Жерге абдан окшош планета табылды

Американын улуттук авиация жана космостук агенттиги (НАСА) биздин планетадан 300 жарык жыл алыстыкта жайгашкан жана буга чейинкилерге салыштырмалуу Жер шарына абдан окшош жаңы планета табылганын жарыялады.

НАСАнын билдирүүсүнө караганда, жаңы планетага Kepler-1649c деген ат берилди.

Кеплер космостук телескобу тарабынан аныкталган планета, Цигнус жылдызында Жерден 300 жарык жыл алыстыкта жайгашкан.

Кеплер-1649c тышкы планеталардын арасында Жерге абдан окшошкон жана температурасы окшош планета экендиги жарыяланды.

Жерден 1,06 эсе чоң болгон бул планета Жердин Күндөн алган жарыктын 75 пайызын алат.

 



Тектеш кабарлар